Жаңылыктар
Ошто үчүнчү көпүрөнүн курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто үчүнчү көпүрөнүн курулушу башталды

Бүгүн, 15-февралда Ош шаарындагы Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрөнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев маалымдагандай, көпүрө Новаи жана Түштүк чыгыш кичи районунда салынган көпүрөлөрдөн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен курулат. Аталган иш - чарага шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Белгилей кетсек, Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрөнүн сметалык баасы 38 миллион, ал эми тендердик баасы 21,2 миллион сомду түздү. Көпүрөнүн жалпы узундугу 45 метр, унаа жүрүүчү бөлүгү 7 метр, ал эми  туурасы 15 метр болмокчу.