Жаңылыктар
Чаткалда тынбай жааган кардан улам өзгөчө кырдаал киргизилди
Өзгөчө кырдаал
Чаткалда тынбай жааган кардан улам өзгөчө кырдаал киргизилди

11-февралдан бери тынбай жааган кардан улам Чаткал районун Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарына өзгөчө кырдаал киргизилди. Анткени жааган кардын бийиктиги 2 метрге чейин жетип калган. 

Учурдагы кырдаалга байланыштуу райондо 13 мектеп жана 8 бала бакча аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылды. 

Акыркы 4 күн тынымсыз жааган кардын көлөмү эле 70-80 сантиметрге жетип, үйлөрдүн чатырына кооптуу жагдай жаратып калган.Бирок үй ээлери тамдардын башындагы оор салмакты бошотуу үчүн карларды күрөп түшүрүүшүдө.Антесе,кулап калашы ыктымал.

Жааган кардын кесепетинен улам ички каттамдар үзгүлтүкө учурап,жада калса,кошунаныкына баш багуу дагы түйшүккө айланды.Абалдан чыгуу үчүн №27 жол тейлөө кызматынын техникалары түндөп айыл ичиндеги каттамдарды тынымсыз тазалашууда.

Кардын көптүгүнө байланыштуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы 9 мектеп жана 3 балдар бакчасы,ал эми Чаткал айыл аймагындагы 4 мектеп,2 бала бакча да убактылуу жабылды. Ал эми өзгөчө кырдаалды жоюууга,тактап айтканда ички чарбалык жолдорду толук тазалоо үчүн Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарынын жергиликтүү бюджетинен каражаттар бөлүнгөн.

Үзгүлтүкө учураган ички каттамдар гана эмес . Облус борбору менен байлышкан негизги унаа жолуна да кар көчкү түшүп, 11-фералдан бери жабык турат. Бирок жолчулар тынымсыз тазалоо ишерин жүргүзүшкөнү менен техника жетишпей жатат. Дагы кошумча күч тартуу үчүн район башчысынын чечимине ылайык,аймактагы алтын кен казган компаниялардын техникалары да кар тазалоо жумуштарына тартылды.

Чаткал районунун аймактарына киригизилген өзгөчө кырдаал аба ырайы турукташып, толук жөнгө салынганда гана алынат.