Жаңылыктар
Сузакта жер көчкү коркунучу жаралды
Өзгөчө кырдаал
Сузакта жер көчкү коркунучу жаралды

Жалал-Абаддын Сузак районунда жер көчкүнүн жанданганы байкалууда. Алмалуу-Булак айылындагы элди коопсуз аймакка көчүрүү үчүн электр кубаты өчүрүлүп, айылдагы мектеп жабылды.

E

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы элди кооптуу аймакта 2017-жылдын апрелине чейин жашап турууга уруксат берди. 

Бирок жамгыр менен кар көп жаагандан улам жер жакшы тоңбой калып, жердин көчүү процесси 2017-жылдын январь айынан башталган. Мындан улам, Сузак райондук администрациясы калкты коопсуз аймактарга көчүрүүнү жергиликтүү бийликке тапшырган. 

9-февралдан тарта электр энергиясын берүүнү токтотуу райондук электр тармактар ишканасына, Алмалуу-Булак айылындагы Матиев атындагы мектебин биротоло жабуу райондук элге билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилген. 

Эске сала кетсек, былтыр жер көчкү коштогон каргашалуу окуядан окуучу баланы жер көчкү басып калып, каза тапкан.