Жаңылыктар
Бишкекте башаламан такталар алынып, мыйзамсыз курулуштар бузулууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте башаламан такталар алынып, мыйзамсыз  курулуштар бузулууда

Бишкекте кырка тизилген дүкөндөрдүн канчасы мыйзамдуу? Ал эми аллеянын жээгиндеги жарнама такталарычы? Мына ушуну Бишкек шаардык мэриясы кабыргасынан коюп, маселени четинен чече баштады. Тагыраак айтканда, башаламан такталар алынып, көп жылдар бою мыйзамсыз турган дүкөн түп орду менен бузулду. Т

Өзүм билемдиктин дагы чеги болот. Айтпай-дебей күркөсүн чоңойтуп алган ишкердин дүкөнүнөн эми аты-жыты жок. Анткени аллеяга чейин чыгып, эл менен жол талашкан күркөнү мэриядагылар түп-тамыры менен алып салды.

Эң кызыгы, бул дүкөн бир топ жылдан бери аллеянын жарымына чейин чыккан бойдон иштеп келген. Ушу кезге чейин кой-ай деген жетекчи болгон эместей.

Буга чейин жол жээгине жайнап чыгып кеткен жарнамалык такталар айдоочуларды алагды кылчу. Эми мэрия алардын дагы эбин тапты. Өз алдынча көчө жээгине орнотуп алган жарнамалык такталар дагы тазаланып, унаага жүктөлдү.

Мэриянын аракетинен улам чыгымга учурап жаткан ишкерлер мыйзамсыз иштедиби же жокпу, аны өздөрүнөн угуу мүмкүн болгон жок. Анткени күркөсү бузулуп, жарнамасы жүктөлүп кетип атса да арасынан басып келчү киши чыккан жок.