Жаңылыктар
Ооган согушунда курман болгондор эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Бишкекте Ооган согушунда курман болгон жоокерлер эскерилди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, "Ооган согушунун ардагерлери" коомдук фондунун өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана согуштун ардагерлери катышты. 

Ооганстанда уланган 10 жылдык согуштан кийин, советтик аскерлердин толугу менен чыгарылып кеткенине быйыл 28 жыл толду. Кыргызстандан болсо, согушка 7 миңден ашык жоокер жөнөтүлгөн. 

Эрдиги үчүн алган медалдар жана ордендер... Ооган ардагери Иманали Жумагулов согуш талаасындагы досторун көп эскерет. Афган согушуна 19 жашында аралашкан. Бийик тоолордогу күтүүсүз тозоттор менен тынымсыз атышууларды унутуп болбойт дейт каарманыбыз. Ал согушта түшкөн сүрөттөрдү көргөн сайын отко чулганган жаштыгын эстейт.

Ооган согушуна Кыргызстандан 7 миңден ашуун жоокер жөнөтүлүп, алардын 252си курман болгон. Бир жарым миң жоокер түрдүү жарат алышса, төртөө али күнгө чейин дайынсыз.

Ооган согушунун ардагерлери мамлекеттин камкордугуна алынган. Аларга айына 6 миң сомдон, ал эми майып ардагерлерге 7 миң сомдон республикалык бюджеттен компенсация төлөнөт. Ошондой эле, согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар квартал сайын бир жарым миң сомдон берилип турат.

Он жылга созулган согушка сексен миңдей аскер катышкан. Анда кубаттуу СССР 14 миңдей жоокеринен ажыраган. 1985-жылы Михаил Горбачев бийликке келгенден кийин аскерлер Ооганстандан чыгарыларын айткан. Төрт жылдан кийин, 1989-жылы 15-февралда советтик аскерлер Ооганстандын аймагынан толугу менен чыгып кеткен.