Жаңылыктар
Чоң - Алайда үнөмдүү күнөсканалар көбөйөт
Айыл чарба
Чоң - Алайда үнөмдүү күнөсканалар көбөйөт

Чоң-Алай районунун тургуну Шарапидин Машрапов кытай ыкмасындагы күнөскана куруп, өткөн жылдан тартып жашылча өстүрө баштады. Күнөскананын биринчи катмары жалаң таштан туруп, экинчиси жылуулаткычтан андан кийин гана дубал курулган. Бул ыкма электр энергиясын аз үнөмдөгөнү менен өзгөчөлөнөт. Анткени, тоолуу алыскы райондо кыштын күндөрү такай эле электр энергиясы боло бербейт. 

Дыйкан, алгачкы түшүмүн өткөн жылдын күз айында сатыкка чыгарса, экинчи түшүмүн декабрь айынан тартып базарга алып чыга баштаган. Таза киреше ар бир үзүм маалында 50 миң сомдон түшүп турган. Азыркы тапта, дыйкан бышып бүткөн помидордун ордуна бадыраң менен калемпир өстүрүүнү пландоодо. Бул жашылчалардын көчөттөрү да даяр. Экологиялык жактан таза жашылчага жергиликтүү элдин суроо-талабы күчөй баштагандыктан, дыйкан күнөскананын аянтын кеңейтүү максатында экинчи күнөскана куруп баштады. 

"Алгач эч ким ишенген эмес, бул райондо помидор бышат дегенге. Бул үй-бүлө баарыбызга үлгү болду. Ушундан кийин гана айылда бир топ кызыгуулар болуп баштады, бирок баары бир кетенчиктөө бар", - дейт Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абжапар Шарипов.