Жаңылыктар
ЕАЭБ: тигүү тармагындагы өндүрүү кайрадан өсүү жолуна түштү
Экономика
ЕАЭБ: тигүү тармагындагы өндүрүү кайрадан өсүү жолуна түштү

Кыргызстан ЕАЭБке кирген алгачкы жылдары кийим тигүү тармагындагы өндүрүү солгундап кеткени менен учурда аталган тармак кайрадан өсүү жолуна түштү. Бул тууралуу “ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” аталышындагы эл аралык форумда белгиленди. 

Маалыматка ылайык, атамекендик кийим өндүрүүчүлөр өлкө биримдикке кирип жаткан учурда кризисте турган. Өлкө ири интеграциялык биримдикке кошулгандан бери Кытайдан алып-сатуу токтоп, өндүрүш жандана баштады. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине ыңгайлашуусу боюнча форум өтүп, ишти жакшыртуу боюнча өкмөткө бир катар сунуштар берилди.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"