Жаңылыктар
Кыргызстанга Европарламенттин делегациясы келет
Саясат
Кыргызстанга Европарламенттин делегациясы келет

Президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапары менен Бельгияга учуп кетти. Брюсселге болгон сапарында Мамлекет башчысы Бельгия Королу Филипп, Европа Биримдигинин Төрагасы Дональд Туск, Европалык комиссиянын Төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Фредерик Могерини менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 17-февралга чейин созула турчу иш сапарынын алкагында Атамбаев Германияга барат. Анда немис лидерлери менен кезигип, бир катар маселер боюнча сүйлөшөт. Ошондой эле Президент коопсуздук темасында боло турчу Мюнхен конференциясына катышат. 

Президенттин сапарынан бир жума өтпөй, Кыргызстанга Европарламенттин делегациясы келет. 10 депутаттан турган топ, Бишкекте Евробиримдик жана Кыргызстандын парламенттик кызматташуу комитетинин 12- отурумуна катышат – деп кошумчалады элчи Чезаре Де Монтис. Алар жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, Евросоюз каржылаган долбоорлор менен таанышат.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"