Жаңылыктар
Сырттан келген автоунааларды сыноодон өткөрө турган лаборатория ачылат
Экономика
Сырттан келген автоунааларды сыноодон өткөрө турган лаборатория ачылат

Сырттан келген автоунааларды сыноодон өткөрө турган лаборатория бир ай аралыгында Бишкек шаарында ачылат. Ошондо республика аймагына Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдөн алынып келинген автоунааларды каттоодо көйгөй жаралбай турганын Экономика министрлигинин адистери эске салышат. 

Учурда сырттан келген авто унаалар убактылуу каттоодон өткөрүлүп, номур берилүүдө. Жергебизге сырттан келген унаалардын саны  жылдан жылга кыскарып барат. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда  өлкөгө 2014-жылы 106770 автоунаа, 2015-жылы 2282 автоунаа киргизилсе, 2016-жылы 200 гана унаа алынып келинген. 

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"