Жаңылыктар
Президенттик шайлоого аттангандардын саны арбыды
Саясат
Президенттик шайлоого аттангандардын саны арбыды

Шайлоо күнү аныктала электе эле бир катар саясатчылар президенттикке ат салышарын расмий жарыялап чыгышты. Республиканын эң башкы мамлекеттик кызмат ордуна талапкер болгондордун саны азыр эле 10дон ашты.

Кыргызстанда президенттикке талапкерлердин катталганы боюнча дүйнөдө рекорд жаратканы маалым. Анда жарышка катышуу ниетин билдиргендей сексен үчкө жеткен.

Шайлоо ушул жылдын 19-ноябрына белгиленди. Анда Кыргызстандын тарыхындагы 5-президент тандалат. Шайлоого чейинки тогуз айдын ичинде шайлоо маселесиндеги бардык кемчиликтерди четтетип, кийинки президентти ачык жана адилеттүү шайлоону камсыз кылуу керектигин Алмазбек Атамбаев белгилеп, адилеттүү жана эркин шайлоолор гана бийликтин легитимдүүлүгүнүн жана өлкөнүн туруктуулугунун кепили боло аларын айтты.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"