Жаңылыктар
Баңги затын ташыган жаран кармалды
Кылмыш
 Баңги затын ташыган жаран кармалды

Ысык-Көл облусунан 163 грамм гашиш баңги затын чыгарып кетүүгө аракет жасаган 23 жаштагы Чүй облусунун жараны кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач маалымат КР ИИМнин баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине белгисиз адам тарабынан кабарланган. Алдын ала түшкөн маалымат боюнча КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын кинология борборунун кинологдору менен бирдикте баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүдөн алуу боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүлүп, 15-февралда Каракол-Бишкек автожолунда Түп районунун Кудургу айылынан унаа токтотулуп, аталган мыйзамсыз баңги затын таашыган жаран колго түшүрүлдү.