Жаңылыктар
Чаткалдагы өзгөчө кырдаал алынды
Өзгөчө кырдаал
Чаткалдагы өзгөчө кырдаал алынды

Эки күн мурда Чаткал районуна киргизилген өзгөчө кырдаал бүгүн, 16-февралда эртең мененки саат жетиде алынды. Анткени, мурда кар басып, ачылбай калган жолдордун бардыгы тазаланды. Мектептерде убактылуу мөөнөткө токтотулган сабактар бүгүн кайрадан жанданып улантыла баштады. Бул тууралуу облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Абдишарип Бекилов билдирди.

Белгилей кетсек, 11-февралдан бери райондун Каныш-Кыя жана Чаткал айыл аймактарында кардын калыңдыгы эки метрге жетип, жергиликтүү тургундарга чоң түйшүк жараткан. Алар кар калың түшкөн жердин сүрөт-видеолорун интернетке жүктөп, дүкөндөрдө азык-түлүк түгөнүп баратканына тынчсызданып, жолду ачуу иштерин тездетүүнү өкмөттөн өтүнүшкөн. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Жалал-Абад облусундагы жалпы жагдай менен жеринен танышышат.