Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кипрде мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукту деген маалымат талкууланды. Анда депутат Ирина Карамушкина Өмүрбек Текебаев Кипрде мурдагы президент Курманбек Бакиев менен эмне максатта жолукканын түшүндүрүп берсин деп айтты.
Эскерте кетсек, Түркиянын Haberler.com порталы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы президент Курманбек Бакиев Кипрде жолугушканы тууралуу маалыматты 11-февраль күнү жазып чыккан. Анда, “Текебаев күз айларында боло турган президенттик шайлоого баш аламандык чыгаруу менен тоскоолдук кылуу максатында Бакиев менен жолугушканы белгилүү болду. Ошондой эле, Текебаевдин Бакиевден каржылык жактан жардам сураганы маалым болду”, - деп жазылган. Парламент жыйында эл өкүлдөрү Улуттук коопсуздук кызматы бул маалыматка маани бериши керектигин белгилешти.