Жаңылыктар
Токтогул районунда спорттун хорсбол түрүнөн мелдеш өтүүдө
Спорт
Токтогул районунда спорттун хорсбол түрүнөн мелдеш өтүүдө

Токтогул районунда Франциядан келген спортчулардын катышуусунда спорттун хорсбол түрүнөн мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Мунарбек Кулданбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, таймаштар райондун Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө өтүүдө. Ага Франциядан келген 1 команда катышууда. Ал эми Токтогул районунун атынан 3 курама ат салышууда. Алардын ичине жеңгени француз командасы менен кубок үчүн таймашат.
Кошумчалай кетсек, оюндарга Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру жандуу күбө болууда.
Маалым кыла кетсек, мелдешти Орто Азия боюнча хорсбол ат оюнунун федерациясы уюштурган. Байге фондусу 30000 сомду түздү.