Жаңылыктар
Радиоклиника: Рак ооруларынын көбөйүшүнүн себептери
Ден соолук
Радиоклиника: Рак ооруларынын көбөйүшүнүн себептери

Кыргызстанда  жыл сайын рак оорусу курч маселеге айланууда.  Онкологиялык  дарттан  3 миңдей  оорулуу  каза  болот.  Ал эми дүйнө  жүзүндөгү  маалыматтарга көз чаптыра турган болсок,  жылына  14 миллиондон ашык кишиде  рак аныкталат, 8 миллиондон ашык  адам бул оорудан көз жумат. 

Рак  дарты  дүйнө жүзүндө жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийинки орунда өлүмгө эң көп кептеген илдет болуп эсептелет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун  2020-жылга карата рак 1,5-2 эсе өсөт деген божомолу бар.  Адистер  анын себебин дарттын кеч табылышы жана элдин бул оору тууралуу аз билгендиги менен байланыштырышат. 

Радиоклиниканын кезектеги чыгарылышы рак оорулары тууралуу Улуттук  онкология борборунун дарыгери Абдымажит Мурзаевдин катышуусунда болду.