Жаңылыктар
Шаардыктардын жылуулукка болгон карызы өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Шаардыктардын жылуулукка болгон карызы өстү

Бишкек шаарындагы тургундардын жылуулукка болгон карызы 251 миллион сомго жетти. Мындан улам “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы абоненттерден карыз акчаларын төлөөнү суранды. Ири карыздардан улам ишкана каражат жагынан аксап, кээ бир жердеги суу түтүкчөлөрү оңдоо жумуштарынан кармалууда. 

Салыштыруу үчүн айта кетсек, ишкана кышка карата даярдыктын алкагында жабдыктарды алмаштыруу жана оңдоо иштерине азыркы карыздардын көлөмүнөн эки эсеге аз каражатты 120 миллион сом сарптаган.