Жаңылыктар
Чек арадагы көзөмөл өткөрмөдөн өтүү жеңилдейт
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадагы көзөмөл өткөрмөдөн өтүү жеңилдейт

Кыргыз-казак чек арасындагы “Токмок-автожол” көзөмөл өткөрмө пунктунун иши жакынкы күндөрү жанданат. Көзөмөл бекетин модернизациялоо иштери соңуна чыгуу алдында турат. Азыркы учурда майда барат жасалгалоо иштери жүрүп жатат. 

Жумуштун жүрүшү менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков таанышып, куруучулардын тез жана сапаттуу ишин баалап, мындай ыргак менен "Кен - Булуң-автожол" көзөмөл өткөрмө бөлүгүнүн курулушун да кыска мөөнөттүн ичинде бүткөрүү зарылдыгын белгиледи. Модернизацияга байланыштуу бул бөлүктө кыймыл убактылуу жабылбагандыктан жумуш жүргүзүү оор болууда. Ишти соңуна чыгаруу апрель айына пландалган. 

Долбоордун сметасы 26 миллион сомду түзөт. Өкмөт башчы оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жарандардын чек арадан өтүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, көзөмөлдөп өткөрүүнүн автоматтык системасын ишке киргизүү керек,- деп белгиледи.