Жаңылыктар
Евробиримдик алкагындагы сүйлөшүүлөр
Саясат
Евробиримдик алкагындагы сүйлөшүүлөр

Президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Башкы комиссары Федерико Могерини менен жолукту. Ошондой эле, өлкө башчысы Евробиримдиктин Брюселдеги кеңсесинде Евробиримдиктин төрагасы Дональд Туск менен да жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Евробиримдик ортосундагы алакалар тууралуу сөз болуп, алдыдагы кызматташуунун пландары талкууланды. 

Евробиримдиктин төрагасы Дональд Туск менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүгө тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева, Кыргызстандын Белгиядагы элчиси, Кыргызстандын Еврокомиссиядагы туруктуу өкүлү Асеин Исаев жана президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов катышты.