Жаңылыктар
Текебаевдин Кипрдеги сапарын УКМК текшереби?
Саясат
Текебаевдин Кипрдеги сапарын УКМК текшереби?

"Эгер "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Бакиев менен жолукканы тууралуу маалымат тастыкталса, анда бул бүткүл кыргыз элине болгон чыккынчылык", - деп айтты эл өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Теманын уландысы кийинки материалда.

Парламент жыйынында депутат Узарбек Жылкыбаев Өмүрбек Текебаевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кипрде жолукканы тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүнү Улуттук коопсуздук комитети текшерип чыгуу сунушун киргизди. Эл өкүлүнүн айтымында, Текебаев чындыгында, качып кеткен президент менен жолуксча, ан бул кыргыз элине болгон чыккынчылык. Ал эми ата-мекенчи Алмамбет Шыкмаматов - бул маалымат жөн гана ушак деп айтып, бул маселе маселенин Жогорку Кеңештин трибунасында талкууланганы ашыкча көбүртүп-жабыртуу деп айтты. “Ата-Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев 2 күндөн бери парламенттин жыйындарына катышпай жатат. Анын жумушка келбей жаткандыгынын себеби азырынча белгисиз. Эскерте кетсек, өткөн аптанын аягында Өмүрбек Текебаев Кипрге болгон сапарын четке каккан. Бирок электрондук билеттин көчүрмөлөрү жана учуунун маршруту маалыматты тастыкталгандан кийин депутат баргандыгын мойнуна алды. Ал Кипрде Европарламенттеги достору менен жолукканы тууралуу бир катар басылмаларга интервью берген. Ал жакта качкындар боюнча эл аралык конференцияга катышканын кошумчалаган. Бирок, мындай конференция Кипрде болбогону маалым болгон.

Эми Текебаевдин Кипрге жашыруун түрдө барып келгени баарына табышмак болууда. Анын бул сапары тууралуу командировкалык күбөлүк берүүчү парламенттин аппараты жана анын катчысынын да кабары жок болгонбу деген суроолуу маселе жаралды. Андан сырткары, командировкага чыккандар тууралуу спикердин да кабары болушу зарыл. Суроо ачык бойдон калууда. Эл аралык конференцияга катышканын жашыргандын кереги бар беле деген суроону коомчулук берүүдө. Мунун баары Текебаев бир нерсени жашырып жатканынан кабар берет деп жазышты жалпыга маалымдоо каражаттары. Жергиликтүү маалымат каражаттары да Өмүрбек Текебаевдин бул сапары тууралуу жазып, анын Садыр Жапаров менен жолугушуусу жөнүндө маалымат беришкен. Оппозициялык sayasat.kg сайты жазгандай, Садыр Жапаровдун уулу Дастан Мусталиев Кипрдеги Ларнака аба майданынын жанында атасы менен жашаарын айткан.

 Ал эми түрк маалымат каражаттары , анын ичинде haberler.com басылмасы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен качкын президент Курманбек Бакиев Кипрде жолугушканы тууралуу маалыматты 11-февраль күнү жазып чыккан. Анда - Текебаев боло турган президенттик шайлоого баш аламандык чыгаруу аркылуу тоскоол болуу максатында Бакиев менен жолугушканы айтылууда. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге каршы каралоо компаниясын жүргүзүп келген Текебаев Бакиевден каржылык жактан жардам сураганы маалым болду”, - деп жазат Хабэрлер ком.