Жаңылыктар
Президент Бельгия королу менен жолукту
Саясат
Президент Бельгия королу менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде Бельгиянын королу Филипп менен жолугушту. Жолугушуу өлкө башчынын расмий иш сапарынын алкагында орун алып, иш чара королдун хан сарайында өттү. Алмазбек Атамбаев менен корол Филипп алгач протоколго ылайык сүрөткө түшүшүп, андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөргө өтүштү. Мамлекет башчысы буга чейин Бельгия королу менен бир канча ирет кезигишип, кыргыз-бельгия кызматташтыгын талкуулашкан. 

Бүгүн кечке чейин Алмазбек Атамбаев Евробиримдиктин бир катар жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Мындан кийин Алмазбек Атамбаев Германиянын Мюнхен шаарына барып, ал жерде коопсуздук боюнча эл аралык конференцияга катышат.