Жаңылыктар
Кино тармагы өнүгүүдө
Маданият
Кино тармагы өнүгүүдө

Кинематография департаменти жыл жыйынтыгын чыгарып, Ыйман, адеп жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-пландарды карады. Бул жылды өткөрүүдө бир катар чоң иш-чараларды өткөрүү мерчемделди. Атап айтканда, Ыйман, адеп, каада-салт жана үрп-адаттарды жайылтууга багытталган социалдык видеороликтердин мыкты сценарийи, дебюттук тасмалар, "Жаңы ысымдар" долбоору, кыска метраждуу, көркөм, даректүү, анимациялык тасмалардын сынактары өтөт. 

Ошондой эле, кинематографтар быйыл мамлекеттин буйрутмасы боюнча "Тайлак баатыр", "Шабдан баатыр", "Алымбек датка" кинодолбоорлорунун үстүнөн иштешет.

“Ыйман, адеп жана маданият жылында кино тармагы абдан активдүү иштешибиз керек деген тапшырмаларды коюп жатабыз. 2017-жыл кыргыз киносу үчүн ийгиликтүү башталды десек болот. Мисалы, “Кентавр” тасмасы ири киносыйлыктарга көрсөтүлүүдө, “Атанын керээзи”, “Апамды издеп” тасмалары жыл башында эле ийгилик жаратты. Быйыл да мыкты тасмаларды жаратуу пландарын талкуулап жатабыз”,- деп билдирди Кинематография департаментинин жетекчиси Мукталы Бектеналиев.