Жаңылыктар
Карганбек Самаков көп жылдарга абакка камалабы?
Саясат
Карганбек Самаков көп жылдарга абакка камалабы?

Жума башында прокурорлор Самаковду 19 жылга эркинен ажыратууну соттон сурап чыккандыгы коомчулукта талкуу жаратты. 14-февралда өткөн соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы депутат Карганбек Самаковду 19 жылга, ошол убакта өкмөттү жетектеп турган Игорь Чудинов, мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев жана экс-министр Арстанбек Ногоевди 11 жылга абакка кесүү тууралуу өтүнүч келтирген. Ал эми 16-февралда Самаковду коргоо комитети экс-депутат эч кандай  кылмышкер эмес экендигин айтып, соттон адилет чечим чыгарып берүү өтүнүчү менен чыкты. 

Октябрь райондук соту карап жаткан иш боюнча, Карганбек Самаковго, Жаныш Бакиевге, ошол маалдагы президент Курманбек Бакиевге жана Самаковдун баласы Кубанычбек Самаковго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголууда. Андан сырткары Аламүдүн районундагы жерлерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен ошол кездеги премьер-министр Игорь Чудиновго, экс вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев жана мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге да “кызмат абалынан кыянаттык кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"