Жаңылыктар
"Акылдуу" эсептегичтердин ишине нааразы болгондор арбын
Кыргызстан жаңылыктары
"Акылдуу" эсептегичтердин ишине нааразы болгондор арбын

 Жыл башталгандан тарта "акылдуу" эсептегичтердин ишине нааразы болгондор арбыды. Алардын айтымында, аталган эсептегичтерди койгондон бери электр энергиясы үчүн төлөмдүн суммасы өтө эле көп чыгып жатат. Өз кезегинде  Бишкек шаарынын энерго сатуу ишканасы болсо, абоненттерден келип түшкөн даттануулардын  баары каралып, эсептөөлөр туура жүрүп жатканын билидирүүдө. Ал арада жергиликтүү серепчилер энергетика коррупциялашкан тармак экенин эске салып, бул жерде дагы шылуундардын схемасы жоктугун кылдат текшерүү зарылдыгын айтышууда. Айрымдары  бул окуяны "акылдуу" эсептегичтердин коюлушун каалабай жаткандардын кызыкчылыгы катары баалап жатышат. 

Эске салсак, Кыргызстанда 1 миллион 230 миң электр энергиясын пайдалануучу бар. Бишкек шаары электр энергияны көп талап кылгандыктан, борбор калаага акылдуу эсептегичтер алгачкылардан болуп орнотулууда.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"