Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы милдеттер өкмөттүн келечектүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасында жаңылоо иштери жүрүп жаткан көзөмөл-өткөрүү бекеттерин кыдыруу учурунда билдирди. Премьердин айтымында, ЕАЭБтен күтүлүп жаткан кирешелерди максималдуу түрдө алууга болгон аракеттерди көрүү керек. Өткөрүү бекеттеринен сырткары ветеринардык-фитосанитардык лабораторияларды куруу иштери жүрүүдө.
Азыркы тапта кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Токмок» жана «Кең-Булуң-атожол» көзөмөл-өткөрүү пунктарында реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Алды менен аз күндөн кийин Токмок-автожол комплекси ишке берилмекчи. Иштин жүрүшү менен жеринде таанышкан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБтен күтүлүп жаткан кирешелерди максималдуу түрдө алууга болгон аракеттерди көрүү керектигин белгиледи.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"