Жаңылыктар
Т.Сариев: "Дыйкандарга күрөөсүз насыя берилет"
Айыл чарба
Т.Сариев: "Дыйкандарга күрөөсүз насыя берилет"

Быйыл агрардык тармакты өнүктүрүү багытында дыйкандарга "Айыл банк" аркылуу күрөөсүз 100 миң сом насыя берилет. Бул туурасында премьер-министр Темир Сариев КТРКнын Биринчи радиосунда түз ободо угармандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы ошондой эле, айыл-чарбасын механизациялоо жаатында айылдык товар өндүрүүчүлөргө 300 техниканы лизингке берүүнү колго алган. Лизингке техника алуучулар бул сапар мурдагы 30 пайыздык өздүк салымдын ордуна 10 %ын гана төлөшөт. 

Быйылкы жылда өкмөт 4 моделдик долбоор иштеп чыккан. Ага ылайык, 2016-жылга күнөсканалардын санын 1000ге жеткирүү, кант кызылчасынын аянтын 10миң гектарга жана тамчылатып сугарууну 1000 гектар аянтка кеңейтүү каралган.