Жаңылыктар
Кант кызылчасын өстүрүүгө кызыккан дыйкандардын саны арбыды
Айыл чарба
Кант кызылчасын өстүрүүгө кызыккан дыйкандардын саны арбыды

Жалпы республика боюнча кант кызылча аянты былтыркы жылдагыдан төрт миң гектара көп айдоо күтүлүүдө. “Кайыңды-Кант” заводу быйылкы жылы 16 миң гектар аянтка жете турган жогору сапаттагы үрөөндүү Германиядан алып келишкен. Талас  облусунун дыйкандары жалаң төө буурчак айдашып, натыйжада түшүмдүүлүк кыйла төмөндөп кеткенин адистер белгилешүүдө. Ошондуктан быйыл бул аймакка кант кызылчасынын аянтын эки эсеге көбөйтүүнү жергиликтүү дыйкандар мерчемдешүүдө. Бул  багытта облустун бардык айылдарында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын облустук  агрардык секторунун башчысы Нургазы Асылбеков маалымдады.  

Демек, быйыл кант кызылча аянты төрт миңге көбөйөт. “Кайынды-Кант” заводу 16  миң гектар аянтка жете турган кант кызылчанын үрөөнүн дыйкандарга келишим  негизинде тарата турган ишкананын адистерин эскертишет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"