Жаңылыктар
Баткен облусунун Кадамжай районунда жазгы камылга кызуу уланууда
Экономика
Баткен облусунун Кадамжай районунда жазгы камылга кызуу уланууда

Өлкө аймагында Баткен облусунун Кадамжай районуна жаз эрте келет. Ошондуктан азыр бул аймакта жазга карата камылга көрүлүп жаткан учур. Бак кыркуу, бутоо, кыйыштыруу, ички чарбалык арыктарды тазалоо, парниктерде жазгы көчөттөрдү даярдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. 

Кадамжай районунун Көк-Талаа  айылындагы жубайлар Замирбек Абдырашитов менен Алина Төрөбек кызы багбанчылык  багытында чарба жүргүзүшөт. Азар алар көчөттөрдү бутап, кыркуу, катар  аралыктарын жумшартуу жумуштары менен алек. Аз күндөн соң жаш көчөттөрүн район аймагына гана эмес, облус аймагына сата башташат. Кадамжай  районунун Көк-Талаа айыл башчысы Кубаныч Мадумаровдун айтымында учурда айылдагы  бардык элеттиктер жазга карата камылга көрүшүүдө. Анткени бул айылда жаз эрте  келип, камылга эрте башталат. Эрте бышкан жашылча-жемиш базарга эрте чыгып,  жергиликтүу калк арбын киреше табарына токтолду. 

Ошентип,  республиканын Баткен облусунун Кадамжай районунда жазгы камылга кызуу уланууда.  Өнөктүккө катыша турган айыл чарба техникаларынын ремонт иши да аяктап калганын  жергиликтүү аграрчылар билдиришти.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"