Жаңылыктар
Ажы сапарына баруучуларды каттоо жүрүүдө
Дин
Ажы сапарына баруучуларды каттоо жүрүүдө

Ажы сапарына баруучуларды каттоо жүрүп жатат. Муфтияттын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 6-мартына чейин облустук, шаардык казыяттарга жана алардын райондук бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Ажылыкка бара тургандар РСК банкка 500 сом төлөгөн эсеп-дүмүрчөк менен тизмеге киргизилет. 

Эскерте кетсек, Сауд Аравиясы быйыл Кыргызстанга 4585 жолдомо берген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 900 жолдомого көп. Зыяратчыларды ташыганга авиакомпанияларды тандоо сынагы да жарыяланды. Тендерге Кыргызстандын жана Сауд Аравиянын авиакомпаниялары катыша алат.