Жаңылыктар
Түркмөнстан президенти ант берүүдө
Саясат
 Түркмөнстан президенти ант берүүдө

Бүгүн  Ашхабад шаарындагы Рухыет сарайында Түркмөнстандын президенти болуп кайрадан шайланган Гурбангулы Бердымухамедовдун ант берүү аземи өтүүдө. Президенттик шайлоодо түркмөнстандыктардын 97 пайыздан ашык добушуна ээ болгон Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды жети жыл башкарат. 

Бул күндүн- салтанаттуу, ошол эле учурда абдан жоопкерчиликтүү экенин белгилеген президент Бердымухамедов өз элине терең ыраазычылык билдирип, экинчи мөөнөткө президенттике шайлоо менен элинин чоң ишеним көрсөткөнүн билдирди.