Жаңылыктар
Авиакырсыктан кийинки абал
Кыргызстан жаңылыктары
Авиакырсыктан кийинки абал

Мындан бир ай мурда Дача конушуна “Боинг-747” учагы кулаган. Анын кесепетинен 39 адам каза болгон. Ошондой эле бир нече киши жабыр тартып, үйлөрү жараксыз абалга келген. 

Мындай кайгылуу окуя кыргызстандыктардын башын түндүккө бириктирди. Бири акча, башкасы тамак-аш жана кийим-кече жагынан кол сунуп жардам берди.

Жабыркагандарга келген гуманитардык жардамдарды Чүй облусундагы жергиликтүү бийлик четинен бөлүп бере баштады. Мындан тышкары 12 бүлө убактылуу баш калкалай турган батирлерге көчүрүлдү. 

Алардын батиринин ижара акысын мамлекет төлөп жатат. Ал эми кенемте маселеси дагы чечилип калды. Турк авиакомпаниясы өкмөт менен бул багытта сүйлөшүп, кенемте төлөгөнгө даяр экендиктерин айтты. 

Ал эми кырсыктын себептерин иликтеген эл аралык авиациялык комиссиянын өкүлдөрү Дача конушунда тийиштүү анализдерди жасап буттү. Учурда кара кутудагы маалыматтар текшерилип, окулуп жатканы айтылууда. Ал эми Дача конушунун электр жарыгы калыбына келтирилип, ичүүчү суу байма-бай текшерилүүдө. 

Керосин төгүлгөн жерге кум жана жыгачтын таарындысы аралаштырылып себилди. Бул жытты сыртка чыгарбай, өзүнө сиңирет. Мындан тышкары Дача конушу урандылардан толук тазаланды.