Жаңылыктар
Кар көчкүнүн кесепети
Өзгөчө кырдаал
Кар көчкүнүн кесепети

Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына кар көчкү түшүп, бир үйдүн короо-жайын басып калды, бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кар көчкүдөн жабыркагандар катталган жок. Турак үйгө зыян келген эмес. Учурда чыгымдар эсептелип жатат. Акыркы күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкүлөр көп түшүүдө.