Жаңылыктар
Майрамдык убакка туш келген эс алуу күндөрү такталды
Кыргызстан жаңылыктары
Майрамдык убакка туш келген эс алуу күндөрү такталды

Эс алуу күнүнө туура келген 7-март жана 2-май башка иш күндөрү менен алмаштырылат. Муну негиздеген токтомго премьер-министр кол койду.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, 5 күндүк тартип менен иштеген мекеме, уюмдардын кызматкерлеринин 5-март жана 2-май эс алуу күндөрү 7-март менен 6-майга жылдырылды. 

Мындан тышкары, 23-февраль да майрамдык эс алуу күнү деп бекилген, быйыл бул майрам шейшемби күнгө туш келет.