Жаңылыктар
Салыкчылар жыл жыйынтыгын чыгарды
Экономика
Салыкчылар жыл жыйынтыгын чыгарды

Айрым мыйзам ченемдерине кирген өзгөртүүлөр менен толуктоолорго байланыштуу 2016 - жылы салык жыйымдары 4,6 миллиард сомго кем чогулду. Мындай маалымат салык кызматынын былтыркы жылы аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.

Мыйзамдарга кирген түзөтүүлөргө ылайык жеке жана юридикалык жактар салыктардын айрым түрлөрүн төлөөдөн бошотулган. Атап айтканда, товарларды экспортко чыгарган учурда, накталай эмес формада төлөнгөн товарларды сатууда жана тыштан кирген ундан алынчу кошумча нарк салыгы алынып салынган. Жыйынтыгында салык чогултуу иши былтыр 93,6 пайызга аткарылып, 67 миллиард 812 миллион сомдон ашыгыраак каражат чогулган.

Жыйын соңунда Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн мыкты салык төгүүчүлөрүн сыйлады. Экономиканын өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө салым кошкон ишканалардын өкүлдөрү ардак баракчалары жана сертификаттар менен сыйланды. Сыйлыктарды биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев тапшырды.