Жаңылыктар
Парламентти өнүктүрүү стратегиясы талкууланды
Саясат
Парламентти өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

Парламентте Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясы талкууланды. Жыйынга депутаттар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана элчилер катышты. Документ Жогорку Кеңештин ишин жакшыртуу максатында иштелип чыккан жана ага "Электрондук парламент", "Онлайн жыйын", "Жогорку Кеңештин жаңы инфраструктурасы" жана башка долбоор камтылган.

Парламентаризмдин шартында Жогорку Кеңеш мындай документке муктаж - деди жыйын катышуучулары. Төрага Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, такай өзгөрүп турган саясий жана социалдык-экономикалык кырдаал парламентаризмдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизе албайт.

“Жогорку Кеңештин азыркы жасап жаткан иштери парламентаризмдин башкы милдеттемелерине туура келет деген ойдобуз. Тагыраагы, ушул системада жашап жаткан жети жыл ичинде парламентибиз бардык мамлекеттик жана коомдук турмушка жигердүү аралашып келди. Маанилүү чечимдердин кабыл алууда, коомдогу туруктуулукту сактоодо жана саясий тең салмактуу баарлашууларды уюштурууда негизги борбордук аянтча катары кызмат кылды. Бирок, мындан аркы парламенттеги коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык тынымсыз жаңылануулар үчүн жаңы Өнүгүү стратегиясы зарыл",- деди Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.