Жаңылыктар
Сузакта жер көчкү жүрүү коркунучу сакталууда
Өзгөчө кырдаал
Сузакта жер көчкү жүрүү коркунучу сакталууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусундагы жер көчкү коркунучу курч болуп турган аймактын жашоочуларын тез арада коопсуз жака көчүүнү эскертти. Ал эми Сузак районун Жалгыз-Жаңгак айылындагы жер көчкү кайрадан жанданып, акырындык менен жыла баштаган. Жерине облус башчылары жана тийиштүү адистер барып, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Коопсуз жайга көчүү тапшырмалары да берилди. 

“Жергиликтүү бийлик азыркы тапта жер тилке маселесин чечип жатат. Буйруса чечилейин деп калды.Бирок биз ушул жылы баарына коопсуз жака көчкүлө деп эскертүү бердик. Өтө эле кооптуу жердегилерди көчүрдүк. Жалпысынан айтып кетсем, өлкө боюнча 6 миңдей жер көчкү коркунучу бар”, - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев.

Эске сала кетсек, Жалгыз-Жаңгак айылында азыркы тапта 17 үй - бүлөгө кооптуу абал жаралып турат. Алардын ичинен 6 үй - бүлөгө мурда эле ссуда жана жер тилкеси берилген. Бирок ушул мезгилге чейин көчүп кетпей, эски турагында жашап келишет.