Жаңылыктар
Бишкек-Ош жолундагы көпүрөдөн унаа түшүп кетип, 4 адам каза болду
Кырсык
Бишкек-Ош жолундагы көпүрөдөн унаа түшүп кетип, 4 адам каза болду

Бүгүн, 17-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 276-чакырымындагы Бала-Чычкан айылында  “Мерседес 124” үлгүсүндөгү  унаа  5 адамы менен "Бала-Чычкан" көпүрөсүнө түшүп  кеткен. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.  

Натыйжада 4 адам жеринде каза болгон. Куткаруучулар каза болгондорду унаадан алып чыгышып, медицина кызматкерлери тарабынан райондук оорукананын өлүктөрдү сактоочу бөлүмүнө жеткирип беришкен.  Жаракат алган 1 адам  райондук ооруканага жеткирилген.