Жаңылыктар
Сариев: "Иштетилбей калган жерлердин аянты кыскартылат"
Экономика
Сариев: "Иштетилбей калган жерлердин аянты кыскартылат"

“Биринчи радионун” “Күндүн темасы” уктуруусунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев эл менен түз эфирде жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн өз ооздорунан угуп, калктын социалдык-экономикалык турмушундагы олуттуу окуялар боюнча суроолорго жооп берди. Уктуруунун алкагында Темир Сариев, кыргыз өкмөтүнүн жазгы талаа иштерине карата даярдыктары туурасында кеп салды.

Маектин жүрүшүндө премьер-министр, былтыркы иштелбей калган жерлердин аянтын 5-6 миң гектарга кыскартуу милдети коюлганын айтты.

Айдалбай калган жерлер убагында насос менен сугарылып келген. Кийинчирээк суу чыкпай калган жерлер талкаланып калган. Же камыш басып саздак болуп кеткен. Мунун баарын тең мойнубузга алышыбыз керек, былтыр өлкөдө 90 миң гектар иштетилбей калган. Айрым жерлерде кайра иштетүү фондунун карамагында калып калган жерлер, кайрак жерлер же алысырак жайгашкан жерлер деп калтырылган аянттар кездешет. Өкмөт бул маселеге көңүл буруп, быйыл дың жерлердин аянтын 5-6 миң га кыскартуу боюнча талап коюлган.

Премьер-министрдин айтуусунда, бул маселе боюнча иш жүргүзүлүп келет. Учурда ар бир губернатор жана акимдердин алдында тапшырма коюлган. Натыйжада, ар бир аймактагы жерлердин аянты, алардын кандай багытта пайдаланылып жаткандыгы такталып чыккан.

Жерге аяр мамиле кылып, көздүн карегиндей сактап, туура пайдалануу керек. Жашыл экономикага багыт алып, экологиялык жактан таза өсүмдүктөргө ыктасак, суроо-талапты канааттандырган продуктуларды өндүрөт элек.

Темир Саривдин айтуусунда, бүгүнкү күндө айыл-чарба тармагында жаңы иннновациялык ыкмаларды кеңири жайылтуу менен түшүмдү арттыруу жагына басым жасалууда.

Бул жаатта республика боюнча 200 гектарга жакын аянтта жайгашкан 800гө жакын күнөскана иштетилүүдө. Жакынкы мезгилде алардын аянтын 1 миң гектарга жеткирүү максаты коюлган. Аны менен катар 100-200 гектар жерди тамчылатып сугаруу аркылуу иштетүү планыбыз бар. Мындай болгон учурда жер-жерлердеги дыйкандарга азырак каражат жумшап, мыкты киреше алууга шарт түзүлөт. Биз фитосанитардык көзөмөлдү толук алганбыз. Азыр жашылча-жемиштер эч тоскоолдугу жок сыртка чыгып жатат.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Өкмөт айыл-чарба продукциясын жөн гана өстүрүү эмес, аны кайрадан иштетүү маселесин күчтөндүрүү аракетин жасоодо. Бул багытта айыл-чарба продуктуларын өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредит берүү жаатында да алгылыктуу иштер жүрүп келет.

Кошумчалай кетсек, “Биринчи Радионун”“Күндүн темасы” программасы ар жуманын шейшемби күнү (09:00-10:00) Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариевдин катышуусунда өтөт. Теманын алкагында сурооңуз болсо, эмки шейшембидеги түз эфирде (0312) 39-21-90, 65-66-04 номурларын терип премьер-министрге узатсаңыз болот.