Жаңылыктар
Кыргыз-Европа алакасы тереңдөөдө
Саясат
Кыргыз-Европа алакасы тереңдөөдө

Европа биримдиги Кыргызстанга бере турган жардамынын көлөмүн дагы көбөйтүүгө даяр. Мындай убаданы Президент Алмазбек Атамбаевге Евробиримдик институттарынын жетекчилери берди. 

Буга чейин Кыргызстанда укуктун үстөмдүгүн камсыздоо жана айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө Европа биримдиги жалпы 184 миллион евро бөлөрү айтылган. 

Бул алты жылга эсептелген атайын программа 2014-2020-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Андыктан реформаларга каражат жетишсиз болсо Евробиримдик каржылоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр. 

Алмазбек Атамбаев күн мурун Евробиримдик институттарынын жетекчилери менен бир катар маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуулар Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Башкы комиссары Федерико Могерини, Европа биримдигинин төрагасы Дональд Туск жана Европа комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер менен болду.