Жаңылыктар
БШК: шайлоону калыс өткөрүү - чоң жоопкерчилик
Кыргызстан жаңылыктары
БШК: шайлоону калыс өткөрүү - чоң жоопкерчилик

Президенттик шайлоо демекчи, ушул жылдын 19-ноябрында президенттик шайлоо өтөт. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жараяндарын ишке ашыруучу мыйзамдарды жакшыртып, буга чейин жергиликтүү кеңештерди шайлоодо кетирилген кемчиликтерди жоюшу керек. 

Бүгүн эксперттер, коомчулук өкүлдөрү, БШК мүчөлөрү жана өкмөттүн өкүлдөрү жыйынга чогулуп, алдыдагы шайлоону ачык айкын жана калыс өткөрүп, ар бир жаранга шайлоо укугунан пайдаланышына шарт түзүп берүү - башкы максат болуп жаткандыгын белгиледи. 

Мамлекет башчысын шайлоого карата башталган даярдыктар тууралуу кабарчыбыздын материалында.

Президенттик шайлоону өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынын тогуз ай убактысы бар.
Ага чейин ар бир мекендешибиздин шайлоо жана шайлануу укугун камсыз кылыш үчүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу милдети турат. Борбор Азияда биринчилерден болуп Кыргызстан шайлоону ачык жана таза өткөрүү максатында биометрикалык системага өткөн. Шайлоо системасын реформалоонун алкагында бугунку кундо бардык участкаларда электрондук эсептегич укоктор коюлган. 

Бул өз кезегинде добуш берүүдөгү бурмалоолордун алдын алууга жетишти.