Жаңылыктар
Саясий элита алмашабы?
Саясат
Саясий элита алмашабы?

Кыргызстандагы эски форматтагы саясий элита, мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздай албайт. Себеби алар бийликке жетүү үчүн ар кандай интрига менен алек. 

Бул тууралуу өлкө башчынын саясий элитанын катарын тазалоо тууралуу айткан сөзүнө комментарий берип жатып, серепчи Игорь Шестаков айтты. Мындан тышкары, талдоочулар жалпы эле мамлекетти башкаруу системасы структуралык өзгөрүүгө муктаж -дешет.

Саясий элитаны жаңылоо керектигин өлкө башчы буга чейин бир нече жолу айтып келген. Кечээ да Брюсселде курган маегинде Алмазбек Атамбаев жөн кетпей, саясий айдынды тазалап, жаш жана таза ишмерлерге жол ачып кетээрин айтты.

Серепчилердин айтымында 25 жыл ичинде Кыргызстанда күчтүү кадрларды тандоо системасы түзүлгөн эмес. Экономиканы, социалдык тармакты өнуктүрө турган күчтүү адистер гана эмес, мыкты саясатчыларды табуу, аларды таптоо жана колдоо аракеттери көрүлбөй, жыйынтыгында саясатты кайра-кайра эле илгертен таанымал жүздор сапырып келген.

Талдоочулардын баамында президент кечээки сөзу менен саясий айдыңды зыяндуу элементтерден тазалоо керектигин айткан. Албетте бул социалдык - экономикалык көйгөйлөрдү же башка маселелерди шылтоо кылып өлкөдогу абалды курчутуп, өзүнө упай топтон көнгөн атка минерлерге тийиштүү.