Жаңылыктар
Камактагы жерден киреше алган ким?
Кыргызстан жаңылыктары
Камактагы жерден киреше алган ким?

Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндө жайгашкан Бакиевдерге таандык делген жер тилкесиндеги унаа токтоочу жайга жана контейнерлерге Баткен Шерниязов ээлик кылат. Ал Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Садык Шер-Нияз жана мурдагы депутат Болот Шердин жакын тууганы. 

Бул тууралуу камактан чыгып кеткен жердин тарыхы боюнча өткөн маалымат жыйында белгилүү болду. Юристтер мындан сырткары 2010-жылы камакка коюлган Бакиевдердин мүлкү кандай жагдайда камактан чыгарылганы тууралуу фактыларды айтып беришти. 

Акыркы күндөрү чоң чуу жараткан бир гектар 28 сотук жер тилкеси Скрябин көчөсү 45 дареги боюнча жайгашкан. Мындан 10 жыл мурун, тактап айтканда 2007-жылы Глобал Эвертайзинг компаниясы бул тилкени “Элитдомстрой” курулуш компаниясына 5 млн сомго саткан. 

Бирок 2010-жылы апрель ынкылабынан кийин аталган жер тилкесине мурдагы депутат, ата мекенчи Туратбек Мадылбековдун баласы Элдар Мадылбеков менен Глобал Эвертайзинг компаниясынын жетекчиси кайрадан кийлигишип, мурдагы алып сатуу келишимин жокко чыгартышкан.

2014-жылы болсо Бишкек шаардык райондор аралык сотунун чечими менен жер тилкеси камактан чыгарылат. Бирок буга карата Бишкек шаардык соту дароо көңүл буруп, райондор аралык соттун чечимин жокко чыгарган. Бирок Эксперттик кеңештин мүчөлөрү Бишкек шаардык соту чыгарган чечим анда жасалма болгонун айтышууда.