Жаңылыктар
КТРКнын келечек өнүгүүсү
УТРК жаңылыктары
КТРКнын келечек өнүгүүсү

Стратегиялык өнүгүү программасын Коомдук биринчи каналда дагы иштеп чыгып, аны КТРКнын байкоочу кеңеши кезектеги жыйынында жактырды. Документ - телеканалдын алдыдагы үч жыл ичинде аткара турган максат, милдеттерин аныктайт. Анда корпорациянын коомдук көрсөтүүнүн принциптерине ылайык өнүгүшүнүн максаттуу кадамдары каралган. 

Стратегиянын негизги максаты - каналдын мазмунун жакшыртуу, телекөрсөтүүлөрдүн рейтингин жогорулатуу, техникалык базасын күчтөндүрүү жана каржылык көз карандысыздыкты камсыз кылууну көздөйт. 

"Биринчи кезекте КТРКда абдан так, рационалдуу, эффективдуу башкаруу болушу керек. Олко бюджетинен каржылык коз карандысыздык боюнча коп айтып келе жатабыз. Алдыдагы уч жылдагы стратегияда бул максатка жетишуу негизги багыттардан болушу керек. Корпорациянын материалдык-техникалык базасын заманбап шартка жеткируу да башкы максаттардан. Антпесе, сапаттуу телеберуулорду даярдап, атаандаштыкка туруштук беруу мумкун эмес", - деди КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков.