Жаңылыктар
Маданият министринин орун басары болуп Фархад Бекмамбетов дайындалды
Маданият
Маданият министринин орун басары болуп Фархад Бекмамбетов дайындалды

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп, Фархад Бекмамбетов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министри Темир Сариев кол койду. 

Кыскача өмүр баяны: 

Коомдук ишмер, продюсер Бекманбетов Фархад Шаршенович  1976-жылы Талас облусунун  Киров районунун  Кара-Сай айылында туулган.

  • «Айтыш»  Коомдук фондунун директору
  • «Айтыш-фильм» Киностудиясынын продюсери
  • Кыргыз Республикасынын кинематографистер Союзунун мүчөсү    
  • КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү
  • 1993-1998-жылдары  Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин  Экономика факультетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн  
  • 2005-2008-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясын «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган 
  • 2009-жылдын октябрь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Философия жана саясий укуктук изилдөө институтунун укук бөлүмүндө изденүүчүсү    
  • 1998 – 2001-жылдары «Ачекей» жеке фирмасында башкы эсепчиси   
  • 2001-2006-жылдары  ОсОО «Ачекей-Мобил»  директору