Президент Алмазбек Атамбаев Мюнхен жыйынына катышууда. Жыйын башында Канцлер Ангела Меркель конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Мюнхен коопсуздук жыйыны- 1962-жылдан бери жыл сайын өтөт. Баштагы 30 жыл аралыгында жыйынга Нато уюмуна мүчө өлкөлөр, саясатчылар, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып келген. 1990-жылдан бери Орусия, Кытай, Жапония жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып келет.