Жаңылыктар
Фучик көчөсүндө болгон жол кырсыгы териштирилет
Кырсык
Фучик көчөсүндө болгон жол кырсыгы териштирилет

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жараны набыт болгон жол кырсыгы боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Алексей Мзареуловду чакырды. Министрликтин маалыматы боюнча жолугушууда элчилик өкүлдөрүн Кыргызстандын укук коргоо органдарына кызматташуу боюнча нота тапшырды. 

Жол кырсыгы 16-февралда Бишкектеги Фучик көчөсүндө болгон. Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унаасы “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу унаасын келип сүзгөн. Кырсыктан “Мерседестин” 62 жаштагы айдоочусу өтө оор абалда ооруканага түшүп, өзүнө келбей каза болгон.