Жаңылыктар
Парламентти өнүктүрүү стратегиясы талкууланды
Саясат
Парламентти  өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

Парламентте Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясы талкууланды. Жыйынга депутаттар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана элчилер катышты. Документ Жогорку Кеңештин ишин жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Парламентаризмдин шартында Жогорку Кеңеш мындай документке муктаж - деди жыйынга катышкандар. Төрага Чыныбай Турсунбековдун пикиринде такай өзгөрүп турган саясий жана социалдык-экономикалык кырдаал парламентаризмдин өнүгүшүнө терс таасир эте албайт.

Өлкө алты жылдан бери парламентаризмдин шартында жашап келүүдө. Парламентте саясий күчтөрдүн баардык тараптары көрсөтүлгөндүктөн Жогорку Кеңеш талаш-тартыштардын аянтчасы да болду. Бирок адистер саясат саясаты менен парламентке жаңы өнүгүү стратегиясы керек деп эсептейт. Иштелип чыккан жаңы документтин максаты Жогорку Кеңештин ишинин натыйжалуулугун арттыруу. 

Башкача айтканда стратегияны кабыл алуу менен комитет менен фракциялардын көзөмөл милдети күчөтүлөт. Эгер буга чейин мыйзам долбоорлорун жазуу менен гана чектелсе эми социалдык мүнөздөгү мыйзамдардын аткарылышына мониторинг жүргүзө алат. Бул болсо өз кезегинде калктын жашоо шартын жакшыртуунун дагы бир кадамы-дейт документтин демилгечилери. Жогорку Кеңештин өнүктүрүү стратегиясы 4 жылга эсептелген, анын бюджети 5 миллион фунт. Парламент менен кызматташкан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бирдиктүү программанын максаты парламенттик демократия карапайым калктын турмушун жакшыртууну шарттаганын көрсөтүү-дейт. Стратегияда “Электрондук парламент”, “Онлайн отурум”, “Жогорку Кеңештин жаңы инфраструктурасы” жана башка долбоор камтылган. Мунун баары парламенттин ачыктыгын жана заманбап талапта иш алып баруусун шарттайт-дейт эксперттер.