Жаңылыктар
Президент Атамбаевдин Европага болгон сапары жыйынтыкталды
Саясат
Президент Атамбаевдин Европага болгон сапары жыйынтыкталды

3 күнгө созулган расмий сапарында өлкө башчы Европа Биримдигинин бир катар лидерлери,  Белгиянын Королу Фили́пп, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен кошо БУУнун Башкы катчысы, беделдүү эл аралык уюмдардын башчылары менен да жолугууга жетишти.

Брюсселде Мамлекет башчы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча архивдик материалдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү аземине да күбө болду. Ошондой эле салтка айланган Евроньюс телеканалына интервью берди.

Расмий иш сапарынын алкагында Атамбаев ошондой эле Германияга да барып, Мюнхен конференциясына катышты. Андан сырткары Өлкө башчы Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен эки тараптуу жолугушууда болуп, канцлерди «Курманжан Датка» ордени менен сыйлады. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"