Жаңылыктар
21-февраль– Эне тилдин эл аралык күнү
Билим
21-февраль– Эне тилдин эл аралык күнү

Өз тилиңдин  сезим тереңинде  орногон ыйыктыгын  сезүү кандай керемет.  Мына ушул маданий ар түрдүүлүк сакталып калса  деген мүдөө менен, ЮНЕСКО эл аралык уюму, 1999-жылы 17-ноябрда, бул күндү  расмий белгилеген. "Биринчи радионун" кабарчысы Зинакан Кайыпова эне тилдин эл аралык  майрамын утурлай Фатима Байрамкулова менен маек курду. Фатима айым 67 жашта, 42 жылдан бери орус жана кыргыз мектепте башталгыч класска сабак берет. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси. Улуту карачай, энеси кыргыз.  Кеминдин  Ударник айылында туулуп-өскөн. Маекти аудиодон уксаңыз болот.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"