Жаңылыктар
Оштун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына кайра шайлоо белгиленди
Саясат
Оштун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына кайра шайлоо белгиленди

Өткөн аптада коомчулуктун көңүлүн бурган бул көрүнүш шайлоого кеңештеги 11 депутаттын келбей калышы, алардын Тажикстандагы эс алуу жайларында жүргөнү сыяктуу кептер менен коштолгон.

Ал арада жергиликтүү кенештин депутаттары Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, айрым жагдайлардан улам шайлоону өткөрүү күнүн кийинкиге жылдырып берүүнү суранганы маалым болду. 

Буга чейин Республика боюнча 411 жергиликтүү органдарда шайлоо болуп, анын отуз тогузунда башчы шайланбай калып, кайра шайлоо белгиленген. Экинчи ирет тандоодо түрдүү себептер менен дагы ондон ашык айыл аймагында жана 3 шаарда шайлоо өтпөй калды. Мыйзамга ылайык экинчи ирет башчыны шайлай албай калган жергиликтүү кеңеш президенттин Жарлыгы менен таркатылып, ордуна жаңы курам тандалат.

Парламентте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын түз шайлоону демилгелеген мыйзам долбоору иштелип жатат. Демилгечилер мыйзам кабыл алынып, ишке кирсе мындай көрүнүштөрдү четтетүүгө өбөлгө болорун айтышат.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"