Жаңылыктар
“Апамды издеп” тасмасы англис тилине которулат
Маданият
“Апамды издеп” тасмасы англис тилине которулат

Учурда коомчулукта кызыгууну жаратып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп келе жаткан “Апамды  издейм” тасмасы жазында Американын ири шаарларында көрсөтүлөт. Кыргызстан, Казакстан жана АКШ өлкөлөрү биргелешип жараткан тасмада татаал тагдырдын сыноосуна туш болуп, чет өлкөгө чейин апасын издеп барган кичинекей баланын тагдыры баяндалат. 

Кыргыз режиссёру Руслан Акундун АКШдан тарткан "Апамды издеп" тасмасы Кыргызстанда 9 –февралдан тартып көрсөтүлө баштаса, кийинчерек Казакстанда да тартууланып, кино сүйүүчүлөрүнүн кызыгуусун арттырууда. Комедия, драма жанры менен айкалышып тартылган тасмага күбө болгон көрүүчүлөр бирде күлүп, бирде каректен жаш айлантып кайгыга батып олтурушту. 

Эми Кыргызстан, Казакстан жана АКШ өлкөлөрү биргелешип жараткан тасма эки айдан кийин Американын ири шаарларында Лос-Анжелес, Чикаго, Нью-Йоркто көргөзүлө баштамакчы. Учурда фильмдеги кыргызча, казакча сүйлөгөн кадрларды англис тилине которуу аракеттери көрүлүүдө.

Рахат Кыдыртоктоев, "Биринчи радио"